www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ 1-майда Афганистандан чыгып кеткен соң талибандар өкмөттүк аскерлерге каршы кандуу согуштарын күчөттү.Тажикстандын Хатлон областындагы Пяндж району менен чектеш Афганистандын Кундуз провинциясындагы Имам Сахиб районун «Талибан» согушчул кыймылы басып алды. Талибандар Кундузду тегеректеп курчоого ала баштады. Шаардын сыртка чыга турган дарбазасы талибандардын колуна өтүп, шаар талибандар тарабынан курчоодо калды. Мындан тышкары Тажикстан менен чектеш Тахор облусундагы сегиз район талибандыктардын колуна өткөн. Афганистандын телеканалынын айтуусунда Тахордо: Чөл, Намакоб, Янгикалъа, Ходжагор, Ходжабаховаддин, Даркад, Дашти Калъа, Хазорсамуч, Кундузда: Дашти Арчи, Самангондо: Дараи Суфи боло, Балхта: Чахорбулак, Джузвджондо: Мангаджик менен Хонакох, Нимрузда: Хошруд талибандардын колуна өткөн. Афганистанда акыркы айда көптөгөн райондор талибандардын колуна өттү. Акыркы үч-төрт күн ичинде өлкөдө өкмөттүк аскерлер он беш районду талибандардын колуна өткөздү. Фарьябда согуш облустун борбору болгон Майман шаарынын тегерегинде өтүүдө. Парламентте бул облустун өкүлдөрү эгер өкмөттүк аскерлерден кошумча күч жардамга барбаса бул жерлер да талибандардын колуна өтүшү мүмкүн деп жатышат.
Кыргызстан менен Тажикстан ынтымагын күчөтүп ЖККУнун (ОДКБ) негизинде Куралдуу күчтөрүн күчтөнтүү зарыл. ЖККУда түзүлгөн келишимдердин негизинде Орусия Афганистан менен чек аралаш Тажикстан менен ага канатташ Кыргызстанга аскердик куралдарды берип жатат. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун онлайн сүйлөшүүлөрү 2020-жылдын 2-декабрында болуп өткөн. 2021-жылдын 2-февралында ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась брифинг өткөзгөн. Мурунураак биздин мамлекет тараптан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Кыргызстанда курал-жарак чыгарган ишкана ачууну сунуштаган. Кыргызстан ЖККУ менен кызматташтыкка олуттуу маани берет. Уюмдын аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана аны бекемдөө иштерин колдойт. Ал бул үчүн аскердик саясый жана аскердик техникалык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын айткан. Кыргызстан аскердик техникалык жана аскердик экономикалык байланышка басым жасарын белгилеген. «Кыргызстан аскердик өндүрүш ишканалары менен иш алып барууга кызыкдар. Биздин өлкөдө аскердик маанидеги продукцияларды чыгаруучу ишкананы ачууну сунуштайт элек. Бул Кыргызстандын өндүрүшүнүн өсүшүнө түрткү болуп, элдерди жумуш менен камсыз кылып, экспорттун көлөмүн өстүрөт», — деген бийлик тараптан. Дүйнөдө улуттук жана жамааттык коопсуздукка зыян тийгизген заманбап маалымат технологияларын колдонуу менен жасалган кылмыштын саны өсүп жаткандыгын кошумчалаган..
Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин НАТОго каршы Варшава келишими түзүлгөн. Варшава келишими тараган соң, анын көпчүлүк мүчөлөрү НАТОго өткөн. 1991-жылдын 15-майында СССРден калган бир топ мамлекеттер Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмун түзгөн. Кийин Азербайжан, Грузия, Белорус кошулган. Бул келишим 1994-жылы күчүнө кирип, беш жыл сайын узартып туруу каралаган, 1999-жылы Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан бул келишимди узартышып Азербайжан, Грузия, Өзбекстан келишимди токтотушкан. Жамааттык коопсуздук келишим уюму ал кезде күчкө кире элек эле. Ошондуктан, Кыргызстандын аймагына 1999-жылы можахеддер кирген учурда Жамааттык коопсуздук келишим уюму эч кандай саясий жана аскердик жардам бере алган эмес. Тескерисинче, мурун Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө болуп жүргөн, ал кезде Ислам Каримов президент болуп турган Өзбекстан можахеддерге сокку урабыз деген шылтоо менен кыргыз айылына сокку уруп кеткен.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйындары
1. Ташкенде 1992-жылдын 15-майы;
2. Москвада 1992-жылдын 6-июлу;
3. Ашхабад 1993 - жыл;
4. Алматы, 1994 - жыл;
5. Минск, 1995 - жыл;
6. Москвада, 1995 - жыл;
7. Москвада, 1996 - жыл;
8. Москвада, 1997 - жыл;
9. Москвада, 1998 - жыл;
10. Москвада, 1999 - жыл;
11. Москвада, 2000-жыл;
12. Ереван, 2001-жыл;
13. Москвада, 2002-жыл;
14. Дүйшөмбү, 2003-жыл;
15. Астана, 2004-жыл;
16. Москвада, 2005-жыл;
17. Минск, 2006-жыл;
18. Дүйшөмбү, 2007-жыл;
19. Москвада, 2008-жыл;
20. Москвада, 2009 -жыл;
21. Москвада, 2009-жыл;
22. Москвада, 2010-жыл;
23. Бишкек, 2010-жыл.
24. Астана, 2011-жыл;
25. Москвада. 2012-жыл;
26. Сочи, 2013-жыл;
27. Москвада, 2014-жыл;
28. Москвада, 2014-жыл;
29. Дүйшөмбү, 2015-жыл;
30. Ереван, 2016-жыл;
31. Минск, 2017-жыл;
32. Астана, 2018-жыл;
33. Бишкек, 2019-жыл;
34. Онлайн сүйлөшүү, 2-декабрь 2020.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg