www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-июнда Башкы прокуратуранын маалымат-борборунда “Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемесинин жана аталган ведомствонун жаңыланган расмий сайтынын презентациясы болуп өттү.

Иш-чарада коомчулуктун суроо-талаптарынын эске алуу менен иштелип чыккан, жарандарга юридикалык жардам көрсөтүүгө жана прокуратура органдарына кайрылууга ыңгайлаштырылган “Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемеси  жана расмий сайтынын жаңыланган версиясы журналисттерге тааныштырылды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Белек Калыков өз сөзүндө, прокуратуранын артыкчылыктуу багыты адам укугун коргоо экендигин жана аталган органдын кызматкерлеринин бардык иш-аракеттери жөнөкөй жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталгандыгын белгиледи.

Калыковдун айтымында, мобилдик тиркеме жарандардын прокуратура органдары менен өз ара байланышын бекемдеп, прокуратуранын ишинин натыйжалуулугун арттырууга шарт түзөт.

Аталган мобилдик тиркемени Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын www.prokuror.kg расмий сайтынан көчүрүп алууга болот.

“Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемеси Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында  укук үстөмдүгү – 2-чи фаза» Программмасынын  көмөктөшүүсү иштелип чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости