www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мурдагы чоң кызматтагылардын 100-150 млн. пара алды деген фактылар далилдеп, «Центерраны» сотко берсек, утуш биз жакта болот», - деди бүгүн, 7-июнда NazarNews маалымат агенттигине эск-депутат Рамазан Дырылдаев
- Рамазан агай, «Кумтөр Голд» жана «Кумтөр Оперейтинг» компаниялары Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кыргыз өкмөтү инвестициялык келишимди бузду деп кайрылганын «Центерра Голд» компаниясы жарыялады. Бул сот аталган компанияларга каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кылат деген сөздөр айтылууда. Эгер чындап ошондой боло турган болсо, Кыргыз өкмөтү «Центеррага» экологияга келтирген чыгымды төлөтө албай калбайбызбы?
- «Центерра голд» кайрылганын мен да окудум. Бирок, андан кооптонуп деле кеткен жокмун. «Центерра» негизги кирешеден ажырап калам деп жанталашып, кыргыз өкмөтүн сүйлөшүүгө аргасыз кылам деп таасирдүү делген соттордун баарына кайрылып, кыргыз өкмөтү инвестициялык мыйзамды бузду деген шылтоо менен болгон дооматты бизге артууга аракет кылып жатат. Анын үстүнө булар Кыргызстандын мурунку бийликтегилерин оңой сатып алып, өздөрүнө ылайыктаган чечимдерди чыгартып алууга көнүшкөн. Бу сапар да ошондой кылабыз деп, бирок ойлору оңунан чыкпай жатат.
Анткени, бул бийлик алардын ыгына, шартына көнмөк турсун «Кумтөрдөгү» коррупцияга тиешеси барлардын баарын камап, аларга каршы иштерди жасап, алардын былыгын ачуунун үстүндө иштеп жатышат. Менимче азыркы бийликтин тактикасы туура. Себеби, ишти «Центеррага» тиешеси бар жактан баштады. Эми өкмөт аларга ийилбеши керек. Керек болсо, экологияга келтирген зыянды жана «кумтөрдөгү» коррупцияны бүт дүйнө жүзүнө жар салышы керек.
Тагыраагы, мурдагы чоң кызматтагылардын 100-150 млн. пара алды деген фактылар далилдеп, «Центерраны» сотко берсек, утуш биз жакта болот.
- Ал үчүн аларга каршы бирөөлөр көрсөтмө бериши керекпи?
- Бабанов жана башка камактагылар тергөө менен кызматташып, «Центерранын» айыбын ачканга жардамдашышы керек. Ошондой эле, тергөө менен кызматташсаңар кичине болсо да иши жеңилдээрин түшүндүрүш керек.
- «Центерра Голд» компаниясы түрдүү, тасирдүү деген сотторго кайрыла баштаганы өкмөттү ийге келтире албай жатканы деп кабыл алсак болобу?
- Ошондой десек да болот. Бирок, «Центерра» сүйлөшүүгө кызыкдар болуп жатат деп отура бербей экологияга келтирген зыянды дүйнөгө жар салышыбыз керек. Эгер экологияны талкалаганын чоң компанияга айландыра алсак анын мамлекет үчүн пайдасы өтө чоң болот. Ошондуктан, экология маселесинде өтө активдүү болушубуз керек. Центерранын кылыгын жарыялап, шермендесин чыгарып, кечирилгис иш кылганын далилдешибиз зарыл.
Тагыраагы, калдыктарды мөңгүгө төгүп алешемдиктерге жол бергенин жар салып, уяткарышыбыз зарыл. Ошон үчүн дүйнө жүзүндөгү экологияга байланыштуу конференцияларга Динара Кутманованын отчётторун, англисче которуп жөнөтүшүбүз керек. Анан «Кумтөргө» байланыштуу билдирүүлөрдүн баарына реакция кылышы керек.
Өгүнү британия менен канаданын элчилери билдирүү жазаса да ТИМ унчуккан жок. Ошондойлорго ошол замат реакция кылыш керек. ТИМ унчукпаганынан айла жок өзүмдүн атымдан билдирүү тараттым.
Булак: NazarNews.kg