www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында көчө шыпырган кызматкерлердин арасында «өлүк жандар» да болгон. Бул маалыматты бүгүн, 18-январда Бишкек шаардык кеңешиндеги комиссиянын отурумунда «Тазалыктын» жетекчиси Рамиз Алиев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, мамлекеттик мекеме Социалдык фондго кайрылуу жолдогон. Жыйынтыгында 30 кызматкер боюнча маалымат табылган.
«Алар параллелдүү түрдө башка жакта иштегени белгилүү болду. Жумуш учурундагы табелди салыштырдык», - деди Р.Алиев.
Эми көчө шыпырган кызматкерлердин иш убактысын көзөмөлдөгөн программаны ишке ашыруу пландалып жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg