www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, эки асыл тукум жылкы белек кылды. Бул тууралуу Кадыров өзү Telegram – каналына жазды.

"Анын бул асыл жаныбарларды сүйөрүн жакшы билем. Ошондуктан бул белек ага жагат деп ишенем", – деп жазды Кадыров.

Чеченстандын башчысы ошондой эле өзбек президентинин өз ара кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.

"Мен Шавкат Миромоновичке жана Өзбекстандын бардык жашоочуларына чын жүрөктөн чыккан каалоолорумду айта барууну өтүндүм. Чеченстанда биз ортобузда бир туугандык мамилелер калыптанганына өтө сыймыктанабыз жана аны баалайбыз. Албетте, мында Шавкат Миромоновичтин жеке өзүнүн салымы чоң", – деди Кадыров.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 24-июлда 67ге чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости