www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рамазан айынын аягында Өзбекстандын делегациясы Чеченстанга барып, анын башчысы Рамзан Кадыровго президент Шавкат Мирзиёевдин баалуу белегин – Бухарадагы "Пои калон" деп аталган тарыхый ансамблдин чоң сүрөтүн тапшырды. Бул тууралуу Кадыров өзүнүн Telegram-каналы аркылуу кабарлады.

Кадыров сүрөттө Калон минарети, Калон мечити жана Мир Араб медресеси тартылганын белгилеп, кезинде бул медреседе атасы Ахмат Кадыров окуганын айтты.

Чеченстандын башчысы Мирзиёевге "Рамазан айы менен куттуктоосунан тышкары Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы терең саясий жана маданий кызматташтыгы үчүн да" ыраазычылык билдирди.

Кадыров Telegram-каналындагы видеотрансляцияда "Пойи калон" ансамблин даярдоого 3,4 килограмм күмүш колдонулуп, аянттар менен имараттардын төбөсү алтын менен кооздолгонун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости