www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот, укук коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият. Коррупция жашоонун дээрлик бардык тармактарында кеңири жайылды. Бул тууралуу пикирин мурдагы депутат Рашид Тагаев жазып чыкты.

Ага кошумча, «Натыйжасы айдан ачык: тышкы карыз жыл сайын өсүүдө, бюджеттин тартыштыгы чоң, ИДП кыскарууда, социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык программаларды ишке ашырууга акча жок, жумушсуздук өсүүдө, жаштардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдө иштөөгө мажбур, өнөр жай иштебей, курулуш токтоп, инвесторлор келбей жатат. Өлкөдө "коррупцияга каршы күрөш" жүргүзүлүп эле келе жатат, бирок иш жүзүндө эч кандай натыйжа чыккан жок.

Коррупцияны жоюу үчүн, системалуу иш алып баруу зарыл, өнүккөн механизмдер, коррупциянын себептерин жана шарттарын жоюу боюнча конкреттүү көрүлгөн чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө, эң башкысы, жетекчиликтин саясий эрки керек деп эсептейм. Айта кетчү нерсе, мамлекет башчысы өзү коррупцияга аралашпаган, таза адам болуш керек. Ошондо гана ал бул көйгөйдү чечүү үчүн чечкиндүү кадамдарды жасай алат.

БУУнун демилгеси менен жыл сайын 9-декабрда белгиленүүчү Эл аралык коррупцияга каршы күн. Бүгүн сиздерге айткым келген нерсе - чечилбеген маселе болбойт. Болгону коррупцияны түп-тамыры менен жок кылып, өлкөнүн өнүгүшүнө шарт түзүп берүү үчүн биз бардык аракетибизди жумшашыбыз керек», - деди Рашид Тагаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости