www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келишим күчүнө киргенден кийин, Кыргызстандын Президенти Аскар Акаевди алкымдан «байлап» алган канадалык ишкерлер «Кумтөр» кенин атасынан калган мурастай башкара баштады. Жайыт жерлерин бекер алышып, мамлекетке тиешелүү салыгын төлөбөй, Канададан самолет менен пирожное ташып жеп, каалагандай чалчакташты.
Негизи “Камеко” компаниясы такталган даяр байлыкка келгенин унутпайлы. Кыргыздан чыккан алгачкы кен изилдөөчүлөрдүн бири профессор Кубат Осмонбетов өзүнүн “Кумтөр” китебинде, “1992-жылы июлда Канаданын “Камеко” копорациясынын топ адистери Кыргызстанга келишкен. Бул делегациянын мүчөсү, “Камеко Корпорейшн” корпорациясынын президенти 2002-жылы, “Биздин топтун мүчөлөрү бул алтын кенинин сапаты менен андагы алтын корунун көлөмү жана бул жердеги корду эсептөөдө кыргызстандык, россиялык геологдордун жасаган ишине абдан таң калышкан” деп жазган...” деп эскерет (Булак: “Кыргыз Туусу” гезитиндеги маалыматтан алынды 18-сентябрь 2020-жылы №59 (24456)).
Анткени, чынында эле алтындын запасы СССРдин учурунда эле изилденген болчу. Канадалыктар кыргыз бийлигинин кайдыгерлигинен пайдаланып, ар бир кадамынан акча жасашкан. Маселен, техникалык-экономикалык негиздемени кыргыз бийлиги таптакыр билбеген чет элдик компанияга жасаткан.
Дагы бир кызык жагдай, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетов агай, өзүнүн “Кумтөр” китебинде белгилеген маалыматка токтоло кетели. Анда, “1993-жылы болсо Кыргызстан менен Канадага тең орток “Кумтор Голд Компани” ЖАКсы түзүлөт. Буга кыргыз тараптан Д.Сарыгулов, Канада тараптан В.Киис кол коюшат. 1993-жылы 16-январда жана 3-сентябрда Кыргыз Өкмөтү менен канадалык корпорациянын ортосунда кайрадан Генералдык келишим түзүлөт. Бул документке кыргыз тараптан Т.Чынгышев, Д.Сарыгулов кол коюп, Өкмөттүн мөөрү басылган. Канада тараптан “Камеко Корпорейшндин” эки кызматкери кол коюп, бирок мөөр басышкан эмес...” деп жогоруда сөз болгон келишимдин мыйзамга сыйбаган жүзүн ачкан. (Булак: “Кыргыз Туусу” гезитиндеги маалыматтан алынды. 18-сентябрь 2020-жылы №59 (24456).
Т.Чынгышев Өкмөт башчы болуп турганда орток келишимге кол коюшкандан кийин, «Проектинин аткарылышы 9 кишиден турган биргелешкен ишкананын директорлор совети түзүлөт. Анын 6сы биздин Өкмөт тарабынан дайындалат. Проект аткарылгандан кийин, ошол проектинин аркасында салынган бүт инфраструктура Кыргызстандын менчиги болуп калат...” деп илгери үмүттү белгилеген болчу.
Тилекке каршы, бул үмүт-тилектер ишке ашкан жок. Директорлор кеңешинин тагдырын «Камеконун» башчысы Лен Хоменюк менен “Кыргызалтындын” “чоңу” Дастан Сарыгулов экөө эле жоюп салып, ишкананын ишмердүүлүгүнө мамлекет тарабынан көзөмөл жүргүзүү кан буугандай токтогон.
Жогоруда К.Осмонбетовдун маалыматында сөз болгон генералдык келишимдин 5-беренесинде “Кумтөр” алтын кенинде алтын кору 716,21 тонна, күмүш кору 388,66 тонна, теллур 1 508,93 тонна, вольфрам 55 841,23 тонна, күкүрт 6 959 6 959 296, 20 тонна экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле бул келишимдин 16-бетиндеги 4.15 пунктунда “Камеко” биргелешкен ишканасы геологиялык чалгындоо иштерине кеткен чыгымдар үчүн жана келишимде көрсөтүлгөн башка чыгым менен инвестициялар үчүн Өкмөткө Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын ар бир унциясы (31,2 гр) үчүн 4 доллар төлөп берери жазылганын профессор баса белгилеген. Бирок, кийин Кумтөрдөгө алтын кору көбөйгөнүнөн улам, алтын өндүрүү мөөнөтүн 12 жылдан 19 жылга узартууга байланыштуу кайрадан түзүлгөн техникалык-экономикалык негиздемеде (ТЭН) күмүш менен күкүрт жазылбай калган экен.
Башканы айтпаганда дагы күмүштүн кору кийинки түзүлгөн ТЭНге киргизилбей калышы көптөгөн шектүү суроолорду жаратып, геологиялык чалгындоо иштерине кеткен чыгымдар үчүн жана келишимде көрсөтүлгөн башка чыгым менен инвестициялар үчүн Өкмөткө Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын ар бир унциясы (31,2 гр) үчүн 4 доллар төлөп туруу жөнүндө милдеттенмелери канчалык деңгээлде аткарылды, аны иликтөө азыр деле актуалдуу экени талашсыз.
Эми алтын казуунун өндүрүштүк процессине кайрыла турган болсок, Кумтөрдө кенди ылгоочу комбинат техникалык-экономикалык негиздеме боюнча 276 миллион 600 миң долларга курулмак. Канадалык компания, «комбинаттын курулушуна иш жүзүндө 452 миллион 200 миң доллар сарптадык», дешип, ортодо 175 миллион 600 миң доллар ашыкча каражат негизсиз жумшалган. Чынында чет элдик компания өзү жалгыз мындай кадамга барышы күмөн эле. Ошол эле учурда, долбоордо каралган сумманы так аткарууга көзөмөл жүргүзүүчү өнөктөш компания «Кыргызалтын» буга жол бербеши керек болчу.
Себеби, кенди иштетүүчү орток ишкана түзүү келишимине кыргыз тараптан «Кыргызалтын» концернинин Президенти Дастан Сарыгулов кол койгонун жогоруда сөз кылып өттүк. Демек, 175 миллион 600 миң доллар кимдир бирөөнүн капчыгын «кызыткан» десек болот. Долбоорду ишке ашырууда техникалык-экономикалык негиздеменин кынтыксыз аткарылышына Кыргыз Өкмөтү тарабынан таптакыр көзөмөл болгон эмес!..
Аскар Акаев «Жаңы Ордо» гезитине берген маегинде, «... Кийин Сарыгуловдун 1998-жылы «Кумтөр” боюнча дагы бир “чырлуу иши” чыгып калды. Өкмөттүн колдоосун албай, Өкмөттүн чечими жок эле “Камеко” менен жеке өзү сүйлөшүп, жеңилдик берип койгон экен. Бул өтө чоң кылмыш деп айтсам болот. Мыйзам боюнча Өкмөттүн чечимин алып, анан Өкмөткө сунуш кылып, кайра анын чечими менен берилиши керек эле. Д.Сарыгулов өзүм билемдик кылып, “Кыргызалтындын” атынан ушундай чечимди чыгарган. Ушулар далилденгенден кийин аны ээлеген кызматынан кетирдик... (Булак: “Жаңы Ордо”гезити №15-16, 24.04.2015ж) деп айткан эле.
Акаевдин Д.Сарыгуловго карата, «дагы бир «чырлуу иши» дегенине караганда, бул анын көптөгөн кылмышка тете иштеринин бири окшойт. Бирок, Кыргыз мамлекетинин бийлигинде турган Аскар Акаев Дастан Сарыгуловго эч кандай мыйзамдуу чара көргөн эмес. «Карга карганын көзүн чукубайт» деген ушул болуп жүрбөсүн. Алтын кенинде курулуп бүткөн комбинатты кабыл алууга катышкан Президент Аскар Акаев, “Кыргызалтындын” президенти Дастан Сарыгулов, Өкмөттүн өкүлү Николай Танаев техникалык-экономикалык негиздеменин так аткарылышына кайдыгер карашып, долбоордо каралган ашыкча чыгым боюнча эч кандай каршы пикирин билдиришпегени буга ачык далил. Коррупцияга жол ачып берген бийлик төбөлдөрү тиешелүү салыктарды төлөтүү, бийик тоолуу шартта иштеген жарандарга кошумча төлөмдөрдүкиргизүү жөнүндөоюна деле келген эмес.
Өзүм билемдиктин дагы бир ачык далилине назар салыңыз, окурман. 1993-жылы Өкмөттүн токтому менен канадалыктарга 10 миң 70 гектар жер ижарага берилген. Бирок, Кыргыз Өкмөтүнүн тийиштүү мекеме уюмдары жердин чек арасын так аныктап беришкен эмес. Дастан Сарыгуловдун мыйзамды сактабаганан пайдаланып, тигил жагынан 20 гектар, бул жагынан 40 гектарды ээлеп, улам жылып, аянтын кеңейте беришкен. Мамлекеттик бийликтин “тилин тапкан” канадалыктар архитектура кызматынын макулдугусуз эле “Кумтөр” ишканасы техникалык жактан тейлөө боюнча имараттарды жана курулуштарды кошумча куруп, башкача айтканда, гараж, администрациялык жайлар жана долбоордук-сметалык документтерде бекитилбеген турак жайларды, жолдорду куруп алышкан. Буга тиешелүү мамлекеттик бийликтер кийлигише алган эмес. Канча мыйзам бузууларга жол берилгенине карабастан, жок дегенде бир жолу айып салышпаптыр.
Албетте, бул Кыргыз Республикасынын курулуш жөнүндөгү мыйзамдарын одоно бузгандыкка жатат. Андан калса, “Кумтөрдүн” башчылары убагында “Кыргызгипрозем” мекемесинин адистерин “түштүк-батыш” карьерин жана калдык сакталган объектилери боюнча маалыматтарды алууга киргизбей койгон. Керек болсо мыйзамдуу фискалдык органдын адамдарын жакын жолотпой жашыруун ишканага айланган. “Калкалап турса, кең мекен, “Камеко” болуш эмне экен?” дешип, каалаганын жасашкан.
Кыргыз жараны бир метр огородунан чыгып кетсе, же турак жайын архитектуранын уруксаты жок курса, ага айып салынат. Керек болсо, Кыргыз бийлиги Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарды мыйзамсыз курулду дешип, үйлөрүн сүрдүрүп салган учурлары болгон. Ал эми канадалыктардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзө келгенде биздин ишенген бийлигибиз кайдыгерликтин чегинен чыга алышкан жок. Себеби, “Кумтөр” ишке киргенден бери Кыргыз Өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин, архитектура, жерге жайгаштыруу кызматынын адистери ушул жердин чек арасын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүшкөн эмес.
Албетте, мындай мыйзамды сыйлабагандык жаран катары, ошол жерде туулуп-өскөн мекенчил инсан катары мени тынсыздандырды. Мамлекеттин башчылары өзү кийлигишип, чет элдик ишканага ар кандай жеңилдиктерди бергени, экологияны бузгандыгы үчүн тийиштүү жоопкерчиликке тартылбаганы акылга сыя турган иш эмес. Мыйзамдын бийлиги үстөмдүк кылган өлкөдө мындай башаламандыкка жол берилбеши керек эле. Аскар Акаев трибунада кооз сөздөрдү сүйлөсө, элибиз ага ишенип жүрдү. Бирок, “Кумтөрдөгү” маселе канадалыктар айткандай чечилип жатты. Менин жаран катары маселе көтөрүп келгеним менен үнүм бийликке жетпегени чындык.
Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангандан кийин, “Кумтөр” боюнча маселелерди бийликтин тиешелүү мекеме-уюмдарына жеткирүүгө өбөлгө түзүлө баштады. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты катары өзүм демилге көтөрүп, 2008-жылы мамлекеттик каттоо, архитектура, гипроземдин адистерин, прокуратурадан тийиштүү кызматкерлерди чакыртып, берилген жердин чек арасын аныктоо боюнча адистерди жибергенмин. Алар эки күн жүрүшүп, жердин чек араларын так аныктап, картасын чийип, мамыларын орнотуп келишкен. Канадалыктар мен жиберген адистерди киргизбейбиз дегенде, “энеңди-атаңды” дегенге чейин барганбыз. “Кумтөрдүн” Президентин күчкө салып жүрүп, акыры, баары менин айтканымдай болгон. Ушул иш чарага жумшалган 36 миң сомдон (керек болсо квитанциясы сакталуу) ашык акча каражатын “Кыргызгипроземге” өзүмдүн чөнтөгүмдөн төлөп бердим. Чындыгында бул ишти Өкмөт жасашы керек эле.
Кыргыз бийлигинин ата-бабасынан мураска калган кен байлыгын башкаруудан ажырап калгынынын дагы бир себеби, Президент баш болгон бийликтин ыкшоолугу, саткындыгы. “Камеко” кенди иштетүүгө уруксат алган күндөн эле өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, ал мүдөөсүнө жетип келген. Алгач биргелешкен ишкананын директорлор кеңешине Кыргыз Өкмөтү тарабынан шайлануучу алты мүчөсүн жок кылып, мамлекеттик бийликтин башкарууга болгон таасиринен ажыратты. Бул бир. Экинчиден, башкы келишимде каралбаган кадамдарга барышып, компаниянын ичинде бир нече ишканаларды ачууга жетишкен. Буга Аскар Акаев баш болгон бийлик эч нерсе деген эмес. Тескерисинче, колдоп турушкан. Бирок, “легендарлуу” парламент учурунда таап чыккан талылуу маселелер Акаевди чын эле тынч уктатпаса керек.
Маалымат Кубанычбек Исабековдун «Кумтөр» акталбаган үмүттөр" китебинен алынды
Булак: NazarNews.kg