www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расул Умбеталиев, электр энергиясы боюнча эксперт: Чексиз тариф бай менен кедейдин ортосундагы ажырымды тереңдетмек.
— Расул мырза, жакында «Улуттук электр тармагы» компаниясы сунуштаган «чексиз тариф» коомдо кызуу талкуу жаратты. Бирок бул боюнча бүгүн президент каршы пикирин билдирди?
— Себеби бул тариф кыргызстандыктардын басымдуу көпчүлүгүнө карата адилетсиз мамиле болуп жатат. Бизде азыр электр энергиясынын жетишсиздиги күчөп турган маал. Мындай шартта “ким кааласа көп колдонсун” деген саясат социалдык теңсиздикти гана күчөтөт. Байлар каалаганча төлөп колдонсо, жөнөкөй эл муктаждыкка жетпей отурат. Бул туура эмес болчу.
— Сиз айтып өткөндөй, азыр өлкөдө энергия тартыштыгы байкалууда. Бул кырдаалда безлимиттик тариф кандай кесепет алып келиши мүмкүн?
— Бул коом ичиндеги социалдык бөлүнүүнү тереңдетет. Электр тартыш болуп турганда бирөөлөр чектөөсүз колдонуп, башкалар муздак үйдө отурса, элдин нааразычылыгы өсөт. Мындан тышкары, мындай саясат жалпы энергия системасына да терс таасир этет. Электр жетишпей жатса, бардык керектөөчүлөргө бирдей чектөө коюлушу керек.
— Азыр көпчүлүк аймактарда кубаттуулук 5 киловатттан 3 киловаттка чейин түшүрүлгөнү белгилүү. Бул калкка канчалык деңгээлде таасир этти?
— Таасири чоң. Үй-бүлө үчүн 3 киловатт өтө эле аз. Эми эл муздаткыч менен бир нече лампочка гана иштетет. Телевизор же үтүк кошо күйгүзсө, дароо автомат өчүп калат. Бул кадимкидей күнүмдүк жашоого тоскоолдук жаратат. Энергияны үнөмдөө керек деген талап бар, бирок ошол эле учурда “безлимиттик тариф” сунушталып жатканы түшүнүксүз болчу. Эгер чектөө бар болсо, анда ал бардык керектөөчүлөргө бирдей колдонулушу зарыл. Ошондой эле, майнинг ишканаларына да чектөө коюлушу шарт.
Жамиля Мыктыбек кызы