www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Энергетикалык авария, анын түйүнү элге кызык болуп турат. Борбор Азиядагы бириккен шакекчеден чыгып кетүү мүмкүнбү?

- Чындыгында кечээ күнү саат 10дон 57 мүнөт өткөндө Казакстанда ири авария болду. Энергия колдонуучулар кескин түрдө көбөйүп кетип, ошол жерде көмөкчү чордондор иштен чыкты. Бизде Борбор Азия боюнча энергетикалык шакекче, б.а. Казакстан, Өзбекстан ушул үч мамлекет толук кандуу ГЭС, ТЭЦ жылуулук борборлорунун баары бирдиктүү энергиялык системада иштейт.

Ошонун негизинде кайсы жерде электр энергиясы көп колдонулса, ошол жерге электр тогу барат. Кыргызстан боюнча айтсак, бизде Токтогул ГЭСи, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата андан кийин Бишкек, Ош жылуулук борборлору бириккен Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика системасына кирет.

Ошону менен бирге ар бир ГЭСте атайын көмөкчү чордондор бар. Ири энергетикалык авария Бишкек жылуулук борборуна, башка ГЭСтерге да таасирин тийгизди. Көмөкчү чордондордо автоматтык түрдө коргоо системасы иштеп, баарын өчүрүүгө дуушар болду. Сиз белгилегендей, Казакстандын, Өзбекстандын таасири да келип жатпайбы. Биз Борбор Азияга тийешелүү шакекчени буушубуз керек.

Энергетикалык системаны бузуп, Казакстан менен Өзбекстанга байланган шакекчени үзүп туруп, өзүбүздүн шакекчени иштетиш керек. Себеби, бизде кубаттуулугу чоң – 500 киловаттык көмөкчү чордондорубуз бар. Түштүктө өндүрүп жаткан электр энергиясын түндүккө алып келишсе, толук кандуу Чүй, Бишкек, Талас, Нарын, Ысык-Көл аймактары электр энергиясы менен камсыз болот.

Кечээ күнү өзүбүздүн ошондой шакекчени ишке киргизип, элди электр энергиясы менен камсыз кыла башташты. Ири аварияга биздин курулган энергосистема туруштук берди. Ошонун негизинде өз убагында коргоо системасы ар бир көмөк чордондо иштеп калып, авария уланган жок.

- Мындан ары кандай болот?

- Кыш бүткөнгө чейин өзүбүздүн шакекчени иштетип турушубуз керек. Жыл сайын суук мезгилде (20-декабрдан баштап 20-февралга чейин) Борбор Азия бириккен энергосистемада дайыма ушундай авариялар болушу мүмкүн. Орто Азиядагы энергетикалык шакекчеге кошулсак, эртең кечээкидей авария болбой койбойт (!) дегенге кепилдик жок. Кайра эле кайталанышы ыктымал.

Энергетикалык коопсуздуктун улуттук коопсуздукка түздөн-түз байланышы бар. Буга баарыбыз күбө болдук. Жарык өчкөндөн кийин баардык система, кыймылдар токтоп калды. Электр энергиясы биздин экономикабызга дагы, социалдык көйгөйлөргө дагы таасирин тийгизет. Ошондуктан улуттук энергетикалык коопсуздукту коргоп жүрүшүбүз зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости