www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Алымкадыр Бейшеналиевдин камалышы жаңы Конституция өзүн актабаганын, мамлекетте башкаруу жоголгонун далилдеди», - деди бүгүн, 6-июнда NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Равшан Жээнбеков. 

- Равшан Бабырбекович, Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу коомчулукта түрдүү кептер айтылууда. Бири калпыс иштери үчүн кармалды десе экинчиси бийликтеги топтордун курмандыгы болду дешүүдө. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- Алымкадыр Бейшеналиевдин камалышы аябагандай маанилүү көрсөткүч десек болот. Анткени, мен анын камалышынын себебин үчкө бөлүп карайм. Биринчиси, анын камакка алынышы жаңы Конституция өзүн актабаганын, мамлекетте башкаруу жоголгонун, бир адам мамлекетти башкарууга жетише албай жатканын далилдеди. Мамлекетте башаламандык, карама-каршылык башталды. Көзөмөл жок болуп калды. Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы ошонун көрсөткүчү болду.

Экинчиси, мамлекетте ар кандай топтор пайда болду. Ошол топтордун күрөшүнүн аркасында Алымкадыр Бейшеналиевге окшогондор жем боло баштады. Ал кайсы бир топко жакын болгону менен экинчи же үчүнчү бир күчтүү топтун кызыкчылыгына жооп берген жок. Алымкадыр Бейшеналиевди экинчи жана үчүнчү топтор жеп койду.

Үчүнчүсү, Алымкадыр Бейшеналиев мен бийликке жакынмын, президентке жакынмын деп өзүнө көп нерселерге уруксат берип алганынын азабын тарта баштады. Себеби, ал бийликке таянып алып, иштеп жаткан министрлигинде башаламандыкка жана мыйзамсыздыкка жол берди.

Ооруканаларды басып алып, ооруканалардын жетекчилери тууралуу туура эмес сөздөрдү сүйлөдү. Мына ошонун баарынын жыйынтыгы анын камакка алынышына себеп болду.

Ошондой эле душмандары көбөйдү. Душмандар сыртта эмес, жаап жаткан ооруканаларда жана укук коргоо органдарынын ичинде да пайда болду. Ошонун баары чогулуп келип, Бейшеналиевдин камалышына жол ачты.

Эске салсак, 4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан да убактылуу четтетилген. Буга Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган.

Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жактоочу сотто Бейшеналиевдин жүрөк оорусу бар экенин, ошондуктан, аны камоого болбой турганын жүйө келтирген.

2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости