www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, 48 сааттын ичинде сот баш коргоо чарасын тандайт.
«Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болгон Равшан Жээнбеков “Массалык башаламандык уюштуруу” беренеси боюнча шектелип, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалды. Аталган комитет кечээ, 22-октябр күнү, түзүлгөн. Анын мүчөлөрү массалык башаламандык уюштурууну көздөшкөн эмес, болгону аталган маселенин айланысында биригели деп чечишкен. Алар коомдук жайда, ачык эле чогулушушкан. Себеби Кыргыз Республикасынын 36-беренесине ылайык ар бир адам биригүү эркиндигине укуктуу», — деп жазат жактоочу.
Равшан Жеенбеков өзү Кемпир-Абад суу сактагычы үчүн абакка отуруудан уялбай турганын айтты. «Мени кайрадан камакка алышты. Мен андан коркпойм. Кемпир-Абадды эч кимге бербешибиз керек», - деди ал.
Булак: NazarNews