www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ырыс Жекшеналиевдин камалганы президенттин күч колдонуу методун ишке киргизип жатканынын далили», - деди бүгүн, 16-августта, NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Равшан Жээнбеков.
- Равшан-мырза, Жетим-Тоо маселеси боюнча президент пикирин билдирип, көз карашын айтты. Президенттин кайрылуусунан элдин талабын эске алды деген жыйынтык чыгарсак болобу?
- Жетим-Тоо боюнча президенттин пикир айтканы, албетте, жакшы. Президент ачык коом менен коммуникация жасап, өзүнүн пикирин билдирип, кандайдыр бир идеяларын айтып жатат. Бул туура кадам. Бирок, ошону менен бирге, президент башкалардын дагы пикирин өзүнүкүндөй эле угуп, сыйлап койсо жакшы болмок.
Тилекке каршы, президент өзүнүн пикирин айтканы менен, башкаларды камагыла деп команда бергени үчүн жаш блогер, «Полит узниктин» администратору Ырыс Жекшеналиев камакка алынды. Бул нерсе президенттин эл менен коммуникация түзүүдө туура эмес багыт алганын, күч колдонуу методун ишке киргизип жатканынын далили.
Президент өзүнүн пикирин айтканды билсе, башка бирөөнүн да пикирин угушу керек. Экинчи нерсе - чечим кабыл алганга чейин талкуу күч болсо, макул каршы күч болсо, бул жакшы көрсөткүч.
Тилекке каршы, президенттин кечээги камагыла деген көрсөтмөсү менен Ырысты каматканы андай көрүнүштү жок кылганга, басканга, коркутканга аракет кылып, жакшы көрүнүштү элес албай жатат.
Белгилей кетсек, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган сайтка жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман баш аламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш иши козгогон. Жекшеналиев милициянын убактылуу кармоо жайына камалган.
Эске салсак, 14-августта, президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо темир кенин казууга байланыштуу айтылып жаткан кептер боюнча кайрылуу жасаган. Ал - кенди толугу менен мамлекет өзү иштетип, эч кандай үлүш башкаларга берилбей турганын белгилеген. Бирок аны казуу иштери жакын арада башталбай турганын дагы айткан. Ошондой эле, президент Жетим-Тоодо 5,5 млрд тоннадай темир кору бар кенди мамлекеттин жеке өзү иштетүү ниети бар экенин билдирген.
Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болоорун айтып келет.
Жетим-Тоо кырка тоосу Нарын дарыясынын башынан башталган эбегейсиз зор тоолуу аймак. Көптөгөн жашыл мейкиндиктерди, капчыгайларды, кооз тоо пейзажын, тоо дарыяларын өзүнө камтып турат. Улуттук корук да ушул жерде жайгашкан.
Чынайым Кутманалиева, NazarNews.kg