www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинада тактикалык өзөктүк куралдарды колдонуу тууралуу Орусиянын планы бар деген маалымат жалган. Бул туурасында РФтин коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарында атайын операциянын алкагында Орусияда тактикалык өзөктүк же химиялык куралдарды колдонууга даярдык жүрүп жатат деген ойдон чыгарылган сөздөр таратылууда. Мындай маалыматтардын баары карандай калп", — деди Шойгу.
Коргонуу министри, мындан сырткары, аскердик көз караш менен караганда Украинага андай куралдар менен сокку урууга зарылчылык жоктугун белгиледи.
"Орусиялык өзөктүк куралдардын башкы мидети — өзөктүк чабуулдардын мизин кайтарып туруу", — деди Шойгу.
Ошондой эле ал өзөктүк куралдарды колдонуу өзгөчө жагдайлар менен чектелерин, ал боюнча документтер ачык маалымат айдыңына жарыяланганын кошумчалады.
Ядролук куралды Москванын колдонуусунун шарттары Россия Федерациясынын ядролук куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясатынын негиздеринде баяндалган. Президент Путин 2020-жылдын июнь айында бекиткен бул документ Орусиянын өзөктүк сокку уруу укугун сактап калаарын жөнгө салат, ошондой эле өзөктүк куралды токтотуу жаатындагы негизги коркунучтарды сүрөттөйт.
Ал шарттар төмөнкүдөй аталат:
Орусиянын же анын союздаштарынын аймагына чабуул койгон баллистикалык ракеталар учурулгандыгы жөнүндө ишенимдүү маалыматты алуу;
Орусиянын жана анын союздаштарынын аймагында ядролук же массалык кыргын салуучу куралдын башка түрлөрүн колдонуу;
душмандын Орусиянын маанилүү мамлекеттик же аскердик объектилерине тийгизген таасири, анын аткарылбай калышы ядролук күчтөрдүн жооп кайтаруу аракеттеринин үзгүлтүккө учурашына алып келет; кадимки куралдарды колдонуу менен Орусияга каршы агрессия, мамлекеттин жашоосуна коркунуч туудурган кезде.
Эске салсак, Путин "Патриот" паркында башталган эл аралык "Армия-2022" деп аталган аскердик-техникалык эл аралык форумдун жана эл аралык армия оюндарынын ачылышына барып, сөз сүйлөгөн.
Булак: NazarNews.kg