www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-августта, Москвадагы "Патриот" паркында эл аралык "Армия-2022" аталышындагы аскердик-техникалык эл аралык форум жана эл аралык армия оюндары өттү.

Анын ачылышында Орусиянын президенти Владимир Путин сүйлөдү. Билдирүүсүнүн урунттуу учурлары:

Орусия аскерлери Донецк жана Луганскидеги элдин тынч жашоосун камсыздоо үчүн коюлган бардык тапшырманы так аткарып, Донбасс жергесин улам арылап бошотуп бара жатат;

РФтин ар кайсы континенттерде көп өнөктөштөрү бар. Ал мамлекеттер бирөөнүн үстөмдүгү астында чөгөлөп калбайт;

Орусия Латын Америкасы, Азия жана Африка мамлекеттери менен болгон алаканы чын дилден баалайт жана аларга заманбап куралданууну сунуштоого даяр;

РФ жаңы үлгүдөгү техникаларды жана курал-жарактарды чыгаруу үчүн кооперативдик байланыштарды өнүктүрөт. Өнөктөштөрдү биргелешкен машыгууларга катышууга чакырабыз.

Экинчи дүйнөлүк согуштун миллиондогон курмандыктарынын алдындагы биздин милдет — тарыхты бурмалагандарга катуу жооп кайтарып, русофобия, неонацизм, расизмди таратууга аракет кылгандарга каршы туруу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости