www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапары жөн гана жоопкерчиликсиз саясатчынын сапары эмес, башка өлкөлөрдүн эгемендигин сыйлабастыктын ырайымсыз көрүнүшү, жакшы пландалган провокация. Орусиянын президенти Владимир Путин Пелосинин Тайванга болгон сапарына реакция жасады.

«Американын Тайванга каршы кооптуу оюну жөн гана жоопкерчиликсиз саясатчынын сапары эмес, АКШнын аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча максаттуу, аң-сезимдүү стратегиясынын бир бөлүгү жана башка өлкөлөрдүн эгемендигин жана эл аралык милдеттенмелерин сыйлабастыктын ачык көрүнүшү болуп саналат. Биз муну пландалган провокация деп эсептейбиз», - деди Путин.

Маалымат үчүн айта кетсек, АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 2-август күнү кечинде Тайбэйдеги Соншан аэропортуна келип, аралда бир күн да болбостон 3-августта кайтып келген. Бул АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин аралга 1997-жылдан берки биринчи сапары болду. Тайванда Пелоси аралдын администрация башчысы Цай Инвэн менен жолугушту.

Бул окуя АКШ менен Кытайдын мамилесин курчутуп жиберди. Расмий Бээжин Тайвандын жанында аскердик машыгууларды Пелоси келе электе баштады. Сапардан кийин аралдын бир нече аймактарында машыгуулар башталды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги саясатчынын сапарына кескин нааразылык билдирип, айыптады. Анын сапары «Бир Кытай» принцибин жана Кытай-АКШ үч коммюникесинин жоболорун олуттуу түрдө буза тургандыгы баса белгиленди. Пекин ошондой эле Вашингтонду Кытайды көзөмөлдөө үчүн Тайванды колдонууну токтотууга үндөдү. Мындан тышкары, дипломатиялык бөлүм өлкөнүн эгемендигин коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөрүн ишендирди.

Ак үйдүн айтымында, Пелосинин Тайванга сапары Кытайдын суверенитетин бузбайт жана АКШ администрациясы «өзүн коркутууга жол бербейт» деп ишендирди. Америкалык расмий өкүлдөр аймактагы чыңалуунун күчөшүнө эч кандай себеп жок экенин баса белгилешүүдө.

Кремль Пелосинин сапарын аймактагы чыңалууну күчөтө турган провокация деп атады. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дүйнөнүн бардык өлкөлөрү муну эске алып жатканына көңүл буруп, Орусиянын Кытай менен тилектештигин белгиледи.

Пелосинин сапарынан кийин кытай армиясы күжүрмөн даярдыкка өттү. Армия Тайвандын айланасындагы бир нече пункттарда аскердик машыгууларды баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости