www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соке сүйрөп жүрүп ректор кылган ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков деген бар. Өткөн жылы президенттин “Жогорку Кеңешке таза шайлоо өткөрүү жөнүндөгү” мыйзамын одоно бузганы үчүн кызматынан алынган.

Аны ошол кездеги билим берүү министри Болотбек Купешов кожодой колдоп чуркап жүрүп, кайра ректорлук кызмат ордуна койдурган. “Кожобеков үчүн Купешов төшүн тосуп бергенинин себеби, ректорлук креслосун кайтарып алыш үчүн чоң суммадагы акча берген” деген да маалыматтар чынбы?

Ушундай таза эмес иштери үчүн кызматтан кетпеди беле? Эми болсо жасалма рейтинг жасап, “ОшМУ гуманитардык, социалдык, педагогикалык, экономикалык илимдер боюнча мыкты” деп жар салууда.

Аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттик ушинтип баалаган экен. “Аны Кожобеков Казакстандан чакыртып, жакшы акча төлөп берген окшойт”, алар “аталган илим тармактары боюнча Кыргызстанда ОшМу алдыда” деп тыянак чыгарган.

Адистерден сураштырып иликтеп көрсөк, “илимдин аталган багыттары боюнча ОшМУда колго илине турган адистери, илимий жыйынтыктары да жок.

Илимий мектеби бар чоң окмуштуулардын баардыгы Бишкекте болсо, ОшМУ кайдан алдыга чыгат?” дешти.

Булак: Азия News гезити

Последние новости