www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы учурларда айрым маалымат булактары Райымбек Матрайымовдун жубайы Аманда Тургунованы сындап, кийген кийимине чейин изилдеп жазып чыгышкан. Ага саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алымбаева өзүнүн пикирин социалдык тармагына жазып чыкты. Айтымында аттуу-баштуу айрым ММКнын мындай кадамга барышы туура эмес.
--“Бүгүн, Аманда Тургунованын постун ММКлардын биринен окуп, ушул посту жазууна туура көрдүм. Карап көрсөм деги бизге эч нерсе жакпайт экен. “Акырын бассаң аксак, катуу бассаң таскак” деп сындайбыз. Аманда Тургунова атактуу бренддердин кийимин кийгенин сындап, тепкилеп жатып калдык. Ал Аманда айым өзү ким, кандай адамдык сапаттарга ээ?” деп ойлогон дагы жокпуз. Менин айта кетейин дегеним, Аманда Тургунова болобу, Айгүл Жээнбекова болобу, Раиса Атамбаева болобу баары жакпайт. Бирин “кымбат кийинет” деп сындадык, бирин“намаз окуйт”, пакет көтөртүп коллаж жасап, бирин “татар экен, жүдөө, ичет” деп, сындадык. Бизге деги кандай аял жагат?”- чындыгын билдирди Салкынай Алымбаева.
Эске сала кетсек, буга чейин жергиликтүү ММКлардын бири Райымбек Матраимовдун жубайынын 2015-жылдагы сүрөттөрүн жазып, катардагы жазылган дасторкондун көрүнүшүн жарыя кылган.
Булак: NazarNews.kg