www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук теле-радио компаниясы 15-16-декабрда түз обого чыккан 10-январда өтчү президенттикке талапкерлигин койгон алты адамдын видео кайрылуусун интернет сайтынан жана YouTube порталындагы баракчасынан өчүрдү.

Эки күндө Эльдар Абакиров, Курсан Асанов, Бактыбек Калмаматов, Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев жана Канатбек Исаев түз чыгып 10 мүнөттөн сүйлөшкөн.

Каналдын продюсерлеринин бири Бактияр Тукеев "Азаттыкка" Интернет-сайт менен YouTube порталында техникалык мүчүлүштүк болгонун, азыркы тапта оңдоо иштери жүрүп жатканын, видеолор толугу менен кайра жүктөлөрүн маалымдаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен ар бир талапкерге мамлекеттик теле-радио компаниялардан элге түз эфирде кайрылууга убакыт берилген. Жадыбал боюнча КТРКдан 17-декабрда талапкерлер Рашид Тагаев, Садыр Жапаров жана Бабыржан Толбаев кайрылуу жасайт.

Белгилей кетсек, Президенттик шайлоого үгүт иштери 15-декабрда башталды. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт. Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Бул аралыкта президенттикке талапкерлер аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууга жана негизги мамлекеттик телеканалдардын эфири аркылуу акысыз түз чыга алат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости