www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек РИИБдин башчысы милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев жана Баткен ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы милициянын полковниги Равшан Сатыбалдыев Лейлек районунун Раззаков шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууга Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Женишбек Асылбек да катышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында жарандарга кеңири түшүндүрмөлөр берилип, профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу, балдар тарабынан жана балдарга карата жасалган кылмыштар менен укук бузуулардын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жол бербөө, кибер кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча да түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө карата терс мүнөздөгү суроо-сунуштар түшкөн жок.