www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Раззаков шаарында жашы жете электер арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында «Лидер» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө боюнча аймактык тескөөчүлөрү, коомдук коопсуздук, кылмыш иликтөө, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматтарынын өкүлдөрү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана Балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган.
Анын алкагында жашы жете электердин болуусуна тыюу салынган же чектөө коюлган жайлар, оюн-зоок мекемелери, компьютердик жана караоке клубдары, коомдук тамактануучу жайлар жана кинотеатрлар текшерилүүдө.
Текшерүү учурунда саат 22:00дөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз коомдук жайларда жүргөн жашы жете электер аныкталган.
Алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынган.
Ошондой эле Балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, ата-энелерге эскертүүлөр берилген.