www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Раззаковго учак учуп баштады, бирок баасы төмөндөгөн жок

Баткен облусунун Баткен жана Раззаков аэропортторуна учак учуп баштады. Бул тууралуу  ички каттамдарды аткарган «Тезжет» авиакомпаниясынан ырасташты.

Бул аптадан баштап, каттам кайра ачылды. Раззаков шаарына билет баасы — 6 миң 500 сом. «Тезжет» пенсия курагындагы жүргүнчүлөр үчүн 50 пайыздык жеңилдик сакталганын кошумчалады.

Авиакомпания 1-июлда бузулуп, кайра Бишкекке кайтып келген учагы оңдоодон өткөнүн белгиледи.

Ал арада Бишкек-Баткен багыты боюнча билет кайра кымбаттап, 31-июлдан 11-августка чейин 6 мин 400 сомдон сатылып жатат.

Белгилей кетсек, ички каттамдардын ичинен Баткендеги эки шаарга авиабилет эң кымбат сатылат. Жогорку Кеңештин депутаттарынын кайрылуусунан кийин өткөн жылы 6 миң сомдон 5 миң 700гө түшүрүлгөн болчу.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости