www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Референдум боюнча бюллетендер кол менен саналып бүттү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия референдумдагы бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын чыгарды.

Бардык 2474 шайлоо участогунан протоколдор келип, анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылды. Бирок себеби айтылган жок.

Жыйынтыгында добуш бергендердин 81,50 пайызы президенттик башкаруу формасын тандаганы аныкталды. Парламенттик башкаруу үчүн шайлоочулардын 10,92 пайызы добуш берген. Ал эми эки вариантка тең каршы болгондор 4,47 пайызды түздү.

Референдумга 1 миллион 401 миң 450 киши катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын (3 миллион 563 миң 574 киши) 39,33 пайызын түзөт.

Эске салсак, БШК шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости