www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине биринчи окууга киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров ырастады.

«Бүгүнкү күн тартибине киргизилди. Эгер депутаттар колдосо, эмки жумада экинчи жана үчүнчү окууга алып чыгабыз. Мыйзам долбоору 1-апрелден бери коомдук талкууда турат. Бийлик кандай болушу керек экенин эл чечсин.

Президенттик десе, президенттик кылалы. Парламенттик десе, парламенттик кылалы. Чече турган орган керек болуп калды да», — деди ал.

Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда регламент сакталбаганы боюнча дооматтарга «комитеттин корутундусу чыккандыктан, жалпы жыйынга сунуш кылынган билдирди.

Комитетте булар «кворум чогулта албай атабыз, сурамжылоо жолу менен бүтүрөбүз» дешкен. Ошол жол менен бүтүрүштү» деп жооп берди.

Бул арада Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда мындай тажрыйба бар экенин айтты. Мыйзам долбоору мурдагы депутат, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушевге таандык экенин, ал башка кызматка кеткендиктен азыр ага өзү автор катары алып чыкканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул мыйзам долбоору регламентти бузуу менен жалпы сессиянын кароосуна чыгарылганын билдирип жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости