www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан башка өлкөлөргө жаман жактан мисал болгудай абалга кептелди. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Турдукан Жумабекова NazarNews маалымат агенттигине маек куруп жатып айтты.

--“Кыргызстанда саясий туруктуулук жок. Элди кыйнап коюшту. Анан эл чыдабай бир канча жолу митинг кылышты, төңкөрүш кылышты. Бирок башка өлкөлөргө шылдың болуп жатканыбыз айдан ачык көрүнүп турат. Швециялык саясий окумуштуу, Стокгольмдогу Эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Йохан Энгвалл Кыргызстандагы коррупциянын табиятын иликтеген. Ал докторлук диссертациясын Кыргызстандын мисалында кеңири жазган. Биздин бийликтин коррупциялык бутагынын негизинде алганда. Анда саясатчылардын реформаларды жүргүзө албаганы, “коррупция бийликтин жогорку бутактарына чейин жеткени көпчүлүктүн көңүлүн калтырган” деп айтылат. “Бул Кыргызстандагы бийлик инвестиционный рынок” экен деген. Өтө уят нерсе. Йохан Энгвалл жазып тим болбостон аны Евросоюзга жарыялаган. Бүтүндөй Европага уят кылды. Аны сөзсүз Европанын бийликтеги адамдары, ишкерлери окуп билишкен чыгаар. Анан кантип Кыргызстан менен карым-катнаш кылат? Же инвестиция алып келет? Ушундай башка өлкөлөргө жаман жактан мисал болгудай абалга кептелдик. Бирок конституцияда “демократиялык өлкөбүз” деп көкүрөк кагып жүрөбүз. Ал эми биздин чондор, саясатчылар андан уялбай азыркыга чейин бийлик талашып, өз кызыкчылыктарын көздөп жатышат. Дүйнөдөгү чоң өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү, ишкерлери анан кантип биз менен иштешет? Же кантип келишим түзүп Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Алсак, коңшулаш Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга чет элдик инвесторлор тартуу оңой. Себеби, ал жакта саясий туруктуулук бар. Ошондуктан ишкерлик кылууга же башкасына ишеним артышат,”-деп билдирди Жумабекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости