www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз сатып жүргөн эки жаш жигитти колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендерди аныктоо боюнча бөгөт коюуга багытталган бир катар операциялар ийгиликтүү аяктады. Анын натыйжасында Жалал-Абад облусуна караштуу Каракөл шаарында туулган 23 жана 20 жаштагы эки жигит кармалган. Алардын жанынан кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар салмагы 987 грамм болгон зат табылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Азыркы учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости