www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Global Firepower 2026-жылга жаңыртылган дүйнөлүк рейтингде аскердик кубаттуулугунун инедексине ылайык Борбор Азиядагы лидерлердин да абалы өзгөрдү. Эгер 2025-жылы биринчи орунду Казакстан кармаган болсо, 2026-жылы Өзбекстан аймакта алдыга чыгып, дүйнөлүк рейтингде 53-орунду ээледи. Андан кийин Казакстан (58-орун) жана Түркмөнстан (78-орун) келет.

Ошондой эле, Тажикстандын куралдуу күчтөрү өздөрүнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртып, 145 мамлекеттин ичинен 108-орундан 100-орунга көтөрүлдү. Бул дегендик Тажикстан аймактык рейтингде акыркы орундан чыгып, Кыргызстанды (109-орун) артта калтырганын билгизет.

Дүйнөдө эң күчтүү армиялардын үчилтиги өзгөргөн жок. АКШ, Россия жана Кытай өз позицияларын сактап калды. Ал эми тизмеде эң акыркы орундарды Бутан, Бенин жана Борбордук Африка Республикасы ээлеген.

Global Firepower рейтинги ар бир өлкөнүн аскердик кубаттуулугун – аскер саны, техникалык жабдуу жана логистика сыяктуу көптөгөн факторлорду эске алуу менен жыл сайын баалайт.

Последние новости