www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгрияда өтүп жаткан рейтингдик мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар 1 күмүш, 2 коло байге утту.

Турнирдин алгачкы күнүндө килем үстүнө 4 балбан чыккан.

61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу финалга чейин жетип, бирок алтын үчүн беттеште армениялык Арсен Арутюнянга 1:4 эсебинде жеңилди. Натыйжада күмүш медалдын ээси болду. Ушул эле салмакта күрөшкөн Бекболот Мырзаназар уулу байгесиз калды.

Ошондой эле Алмаз Сманбеков (57 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) коло байгенин ээси болду.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-июнда мелдештин экинчи күнүндө 74 кг салмакта Орозобек Токтомамбетов таймашка чыгат.

 

Булк: NazarNews.kg

Последние новости