www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук башкаруучу компаниясынын жетекчиси Ренат Түлөбердиев «Көпөстөрдүн айылындагы» хан сарайын жашырып, 2016-жылы салык декларациясына киргизбегени ачыкка чыкты.

Көрсө, Түлөбердиев 2016-жылы май айында жалаң байлар жашаган айтылуу «Көпөстөрдүн айылынын» Абдрахманов көчөсүнөн 226 чарчы метрлик үй алып, анысын киреше жана чыгашасында көрсөткөн эмес. Былтыр ал хан сарайын бир жакын тууганы Бейшеналы Омуровго каттаткан.

Эске салсак, быйыл август айында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Ренат Түлебердиевди Улуттук башкаруучу компаниянын жетекчиси кылып дайындаган. Бул тууралуу "Де-Факто" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости