www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республика боюнча үй карантининде 28 592 адам бар

Жарандарга вирустун жугушун жана Кыргыз Республикасынын аймагына COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында атайын жайлар даярдалган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вирус жуктурду деп шектелгендерди инфекциянын инкубациялык мезгилинде оолак кармоо үчүн даярдалган обсервациялык жайларга 9 000 ашык адам жайгаштырылган, алардын 7 202си медициналык кароонун жыйынтыгы менен үйлөрүнө карантинге жиберилген. 

Мындан тышкары атайын медициналык көрсөтмөлөрдү эске алуу менен айрым жарандар, анын ичинде чет өлкөдөн келгендер обочолонуу режимине же үй карантинине алынган. Бул учурда карантинге алынгандардан башка адамдар менен байланышпай турганы жөнүндө жазуу түрүндө милдеттенме алынат. 

Жалпы республика боюнча обочолонуу режимине (үй карантинине) бардыгы болуп 83 638 адам алынган, учурда алардын 28 592и үй карантининде, 55 046 адам карантинден чыкты. 

Бирок алынган милдеттенмелдерге карабастан, айрымдар обочолонуу режимин бузууда. Алар бул аракети менен башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна гана эмес, COVID-19га каршы күрөшүү боюнча саламаттык сактоо органдары тарабынан кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугуна коркунуч жаратууда.

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 1271-беренесине ылайык өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу - I категориядагы айыппул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 5 000 сомдон 15 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин)

Өзгөчө же аскердик абалдын шарттарында көрсөтүлгөн чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу - II категориядагы айыппул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 15 000 сомдон 25 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин).

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же байкабастыктан бузуу аркылуу адамдардын массалык жабыр тартуусуна же болбосо башка ири зыян келтирүүгө алып келсе VI категориядагы айыппул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 120 000 сомдон 140 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 260 000 сомдон 300 000 сомго чейин) же II категорияда эркинен ажыратуу каралат (жашы жете электер үчүн – бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин, башка жеке жактар үчүн – эки жыл алты айдан беш жылга чейин).

Ушул эле берененин 2-бөлүгүнө ылайык өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режими учурунда жасалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же байкабастыктан бузуу адамдардын массалык түрдө ооруусуна жана уулануусуна алып келсе II категорияда эркинен ажыратуу каралат (жашы жете электер үчүн – бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин, башка жеке жактар үчүн – эки жыл алты айдан беш жылга чейин).

Белгилей кетсек, карантин киргизилген бери 2020-жылдын 4-майына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси боюнча 8 жаран, 281-беренеси боюнча 1 жаран жоопкерчиликке тартылды. Жоруктар жөнүндө кодекстин 1271-беренесине ылайык 11 адам, 1191-беренесине ылайык 2 адам жоопко тартылууда. Алар боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн. Бузуулар жөнүндө кодекстин 293-беренесине ылайык 23 адам жоопкерчиликке тартылган, аларга 3 миң сомдон айыппул салынды. Жыйынтыгында жалпысынан үй карантинин бузгандыгы үчүн 45 адам жоопко тартылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости