www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Республика» партиясы чачырап жок болобу?

ЕЭКте убагында бир топ саясатчы жана капчыктуулардын башын бириктирип, саясий талаада салмактуулардан делип чыккан Бабановдун «Республика» партиясы азыр жиби үзүлүп, чачыраган шурудай улам чачырагандан чачырап баратат.

Барган сайын ишенимдүү делген соратниктери да өз арбайларынын камын гана ойлоп кетип жаткан чак. Алдыдагы парламенттик жаңы корпустун курамында да партия болбосу толук мүмкүн.

Ушул учурларга чейин БӨТтүн эң ишенимдүү делген партиялаштарынын бири Алтынай Өмүрбекова дагы өз арабасын тартып, Европалык экономикалык комиссиянын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп кетти.

Алтынай Сейитбековна өткөн жылдагы Жогорку Кеңешке болгон аламанда, акыркы ирет болсо өткөндөгү Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо да кооз ураандар менен «Республика» партиясынын тизмеси менен катышкан. Бирок партия шаардык кеңештин курамына да кире албай калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости