www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Республикалык диагностикалык борбор жоюлат. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү буйрукка кол коюлду. Диагностикалык борбордун ордуна балдар ооруканасы ачылат.
«Балдар ооруканасы 240 орунга ыңгайлашат. Соңку 3 жылда диагностикалык борборго кайрылгандар аз болду, ошондуктан аны жоюуну чечтик. Өзүңөр билгендей, ал жерде буга чейин сасык тумоо жана курч респиратордук-вирустук инфекция менен ооруган балдар үчүн бөлүм ачылган», - деди Бейшеналиев.
Булак: NazarNews.kg