www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын 14-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында IV-республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтөт. Аталган кинофестиваль КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Кинематографисттер союзу, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Кристенсен Фонду жана Айтыш коомдук Фондунун колдоосу менен ишке ашууда. Бул тууралуу "Карек" коомдук фондунан кабарлашты.
Бул жылы өлкөбүздүн бардык аймактарындагы 10-17 жаш аралыгындагы жаш режиссёрлордон жалпы 56 кыска метраждуу тасмалар келип түштү. Тандоо турунун жыйынтыгында 25 тасма тандалып, 15-ноябрь күнү алардын ичинен эң мыкты делген тасмалар сыйлыктарын алышат.
Дал ошол 15-ноябрда жаш кино өнөрпөздор борбордогу “Манас” кинотеатрынын алдында кызыл килемден атактуу киночулар менен бирге өтүп, салтанаттуу Сыйлык тапшыруу аземине катышышат.
Сыйлык тапшыруу аземинде IV-республикалык “КАРЕК” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалынын жалпы катышуучуларына дипломдор тапшырылат.
Бардык номинациялар боюнча жеңишке жеткен балдарга ноутбуктар, уюлдук телефондор жана фотоаппараттар ыйгарылып, эң мыкты болуп табылган үч катышууга фестивалдын атайын “Карек” статуэткалары да берилет.
Мындан сырткары, бул жылдын өзгөчөлүгү катары БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан «Балдар укуктары жөнүндө конвенцияга» арналган атайын “ТУМАР” сыйлыгы да өз ээсин жаш киночулардын арасынан табат.
Тасмалар төмөнкү номинациялар үчүн ат салышат: “Мыкты көркөм тасма”, “Мыкты даректүү тасма”, “Мыкты анимациялык тасма”, “Мыкты режиссер”, “Мыкты оператор”, “Мыкты сценарист”, “Мыкты монтажер”, “Мыкты актриса”, “Мыкты актер”, “Калыстардын атайын сыйлыгы”, "БУУнун Балдар фондунун атайын ТУМАР сыйлыгы."
Булак: NazarNews.kg