www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия жана Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарды көбөйтөт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада кыргыз кесиптеши Садыр Жапаров менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

"Мен кызматташтыктын артында бардык чөйрөдө мамилелерибизди бир топ алдыга жылдырабыз деп ишенем. Ошондой эле жакын арада Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдарды көбөйтөбүз", - деди түрк лидери.

Түрк мамлекетинин башчысы кесиптешин Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттуктады. Президент Эрдоган Түркия – Кыргызстандын эгемендигин алгачкылардан болуп тааныган өлкө экенин эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости