www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мекендештерин сабырдуулукка жана анын өкмөтүнүн жаңы экономикалык моделине ишенүүгө үндөдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган Түркияда баалардын көтөрүлүшүнө жергиликтүү импортерлор менен чекене сатуучулардын «ач көздүгүнөн» себеп болгонун, кырдаал жакын арада турукташа турганын айтты.

«Түркиянын потенциалын алдыга жылдырышыбыз керек. Кайда баратканыбызды билебиз, элибизге сабыр тилейм. Мен энергиянын жана азык-түлүктүн баасы тең салмактуулукту табуу үчүн төмөндөйт деп ишенем», - деди Эрдоган.

Ал ошондой эле товардын баасынын көтөрүлүшүн өз кызыкчылыгына пайдаланып, кампаларды топтоп жаткан адамдарга өкмөт «ырайым көрсөтпөй турганын» эскертти.

Түрк лирасы долларга карата тарыхый эң төмөнкү чегине түшүүнү улантууда. Улуттук валютанын болуп көрбөгөндөй төмөндөшүнө экономисттер жана жергиликтүү оппозициялык саясатчылар «эч кандай ойлонбогондук» деп эсептеген агрессивдүү монетардык жумшартуу түрткү болгон деп айтылды.

Белгилей кетсек, түрк лирасы кулагандан кийин Стамбул менен Анкарада стихиялуу нааразылык акциялары өттү. Митингчилер өкмөттүн отставкасын талап кылышты. Демонстранттар менен полициянын кагылышуусу да катталды.

Бул ортодо Түркиянын негизги оппозициялык партияларынын лидерлери Эрдоганды компетентсиз деп айыптап, лиранын курсу рекорддук төмөндөп кеткен шартта мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Бирок президент өзү бул чакырыкты четке кагып, Түркияда шайлоо 2023-жылдын июнь айында пландаштырылгандай болорун билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости