www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө

Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп ТР президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапар менен келиши тууралуу Анкарада кыргызстандык депутаттар менен жолугуп жатканда айтканын ТИМ билдирди.

Бирок маалыматта расмий сапардын кайсы айда болору так белгиленген эмес.

"Төрага Шентоп президент Эрдогандын Кыргызстанга боло турган расмий сапары жана Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 6-жыйынынын өткөрүлүшү эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү болорун белгиледи", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Андан сырткары, июнь айында Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык жыйынын өткөрүү маанилүү экендиги тууралуу сөз болгон. Шентоп ал иш-чарага катышарын айткан.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелердин абалын жана өнүгүүсүн, парламенттик уюмдардын алкагында, анын ичинде достук топтору, фракциялары аркылуу кызматташууну талкуулаган.

Депутаттар Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин борбордук аянтындагы Манас баатырдын эстелигине зыярат кылышкан.

Түркия лидеринин Кыргызстанга расмий сапар менен келиши туурасында президент Садыр Жапаровдун Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндөгү маалыматта да айтылган эле.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости