www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын РФке каршы жаңы санкциялары америкалык борборлошкон каржы системасынын алсыздыгын ырастайт. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдирди.

Анын айтымында, Вашингтон Россиянын экономикасын талкалап, технологиялык суверенитетин буза алган жок.

"Батыштын экономика жаатындагы чабуулу токтоп, россиялыктарга келечекке ишенимдүү кароого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол эле учурда атактуу "алтын миллиарддан" тышкаркы мамлекеттер америкалык борборлоштурулган каржы системасынын алсыздыгына жана кесепеттүү экенине дагы бир жолу ынанды", — деди Антонов.

Антоновдун айтымында, жаңы санкциялар — АКШ бийлигинин "Ак үйдүн чектелген саясатына өсүп жаткан сынды басаңдатууга" жасаган аракети.

"Биздин экономиканы талкалап, Россиянын технологиялык эгемендигине шек келтирүүгө мүмкүн эместигин атүгүл жергиликтүү русофобдор да айкын билишет. Бул факт Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун адистери тарабынан да тастыкталган", — деди Антонов.

Жума күнү АКШ Россияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтип, ага бир катар ишкерлерди киргизген. Мындан тышкары, Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу (РСПП) да АКШнын санкцияларына кабылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости