www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия ТИМинин өкүлү Москвада өткөн Кыргыз-Россия ишкерлик кеңешинин жыйынында сүйлөгөн.

 РФ Тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттеринин үчүнчү департаментинин директорунун орун басары Александр Мусиенко Кыргызстанга көз карандысыз төлөм инфраструктурасын түзүүнү сунуштап, аны бир банктын базасында ишке ашырууга мүмкүн экенин айтты.

Ал Москвада өткөн Кыргыз-Россия ишкерлик кеңешинин жыйынында сүйлөгөн.

Мусиенко апрелден тарта Кыргызстанда "Мир" картасын тейлөө токтотулганын өкүнүү менен белгиледи. Анын айтымында, өлкөдөгү банктар Батыштын финансы уюмдарынын олуттуу кысымына дуушар болуп жатканын, кайрадан санкцияларга тушугуу кооптуулугунан чочулап жатканын билдиришкен.

"Россия менен Кыргызстандын соода байланышын толук кандуу камсыздоо үчүн көз карандысыз төлөм инфраструктурасы зарыл. Муну Кыргызстандагы банктардын биринин базасында ишке ашырууга болот", — деди РФ ТИМинин өкүлү.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости