www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рита Карасартова абактан кат жазды

Активист жана укук коргоочу Рита Карасартова СИЗО-1ден кат жазды. Фейсбуктагы баракчасында буга байланыштуу пост жарыяланды.

"Кээ бир белгилүү саясатчылар бизди, укук коргоочуларды, жарандык активисттерди жамандап жатышат. Арабызда СИЗО эмне экенин түшүндө да элестете албагандар бар экенин эл билсин. Бизди атайын унаада алып келип жатканда, кимдир бирөө кызматкерлерге кайрылып, беш аялды бир бөлмөгө жайгаштырууну суранган. Бирок бизге бийликти басып алуу аракети боюнча бир кылмыш иши тагылып жаткандыктан биз “шериктешпиз”. Ошондуктан, бизди, тескерисинче, ар кандай камераларга жайгаштырышты. Биз бири-бирибизди такыр көрбөйбүз, ким кайда экенин билбейбиз. Кээ бир саясатчылар бир жагынан корксо, экинчи жагынан биздин камалышыбызды Жараткандын шанс катары кабыл алып жатышат.

Өзүм жөнүндө айтсам, 43-камерага кирдим. Бул он кишилик 30 чарчы метрлик бөлмө. Туалет жана тамак-аш бөлүмү - баары бир жерде. Бул жерден башка аялдар менен таанышып, укук коргоо боюнча ишимди уланттым. Маанай позитивдүү. Кемпир-Абадды коргоп жүрүп түрмөгө түшкөнүм мен үчүн маанилүү окуя", - деп жазган ал.

Ал белгилегендей, бийлик Өзбекстан менен болгон протоколду коомчулукка жарыялоосу керек. Ал бул протоколдун Кыргызстанга пайдасы тууралуу бийликтин билдирүүлөрүнөн күмөн санайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости