www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-сентябрда саат 16:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында Субару Аутбек, 2 Мерседес-Бенц спринтер, Тойота-Камри жана Тойота-Вокси үлгүсүндөгү 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыкка катуу бара жаткан Субару-Аутбек үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып кеткени себеп болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча Субару үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышты көздөй бара жатканда алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып кеткендигине байланыштуу каршы тилкеге чыгып, Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада жолдо ири жол кырсыгы катталган.

Жол кырсыгынын кесепетинен 7 адам көз жумуп, калгандары такталууда. Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости