www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бажычылар 6 млн сомдон ашуун баадагы белгилүү бренддердин товарларын жана зер буюмдарын аткезчилик жолу менен алып кирүүгө бөгөт койду.
Маалыматка ылайык, "Манас" аэропортунун аэробекет комплексинде жүргүнчүлөргө бажылык көзөмөлдөө жүргүзүүдө контрабандалык товарларды алып өтүү фактысы аныкталган.
Белгиленгендей, А.А.М. аттуу кыргыз жараны жалпы таза салмагы 51,70 грамм болгон сары жана ак түстөгү металлдан жасалган зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашырууга аракеттенген.
Ошондой эле аталган жарандын коштоочу жүгүндө 3 даана Rolex кол сааттары, 2 даана товардык маркасы жок кол сааттар, ошондой эле кийимдер, бут кийимдер, сумкалар аныкталган.
Жогорудагы товарлар Бишкек шаарындагы A.M. интернет-дүкөнүндө сатуу үчүн алып келинген. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 6,1 млн сомду түздү.
Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.