www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү футболчу Криштиану Роналду Гиннесстин рекорддор китебине эң бай спортчу катары кирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазы чыкты.

Маалыматка ылайык, Forbes эсептөөсү боюнча, Роналдунун 12 айда тапкан кирешеси 136 миллион доллар болгон. Сумма былтыркы жылдын май айынан тарта эсептелген. Спортчу кирешенин 46 миллион долларын оюндан, калган 90 миллион долларын футболдон тышкары жактан тапкан.

Муну менен Роналду бир айда эки жолу Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Июнда ал улуттук курама командада расмий 200 беттеш өткөргөн алгачкы футболчу деп табылган.

Роналду тапкан кирешеси боюнча аргентиналык атактуу оюнчу Лионель Мессиден ашып өткөн. Ал жыл ичинде 130 миллион долларга ээ болгон. Үчүнчү сапта Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунун оюнчусу Килиан Мбаппе (120 миллион) турат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости