www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларуссиянын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эки өлкө ортосундагы транспорттук байланыштын баскычтуу негизде кайрадан башталганын билдирди.

Аталган билдирүүдө: “Даталар азырынча белгилене элек. Тараптардын даярдыктарды алдын алган иш-аракет планын ишке ашыруусуна байланыштуу” деген сөздөргө орун берилди.

Россиянын борбор калаасы Москвада, кечээ Ден соолук жана керектөөлөрдү коргоо уюму (Роспотребнадзор) менен Беларуссиялык кесиптештери арасында жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы транспорттук байланышты кайрадан жандандырууга багытталган иш-аракет планын белгилөөгө мүмкүн болгон протоколго кол коюлду.

Белгилей кетсек, Россия жаңы түр коронавирус илдетинин жайылуусунан улам Беларуссия менен болгон чек арасын жапкан. Эки өлкөнүн ортосундагы унаа жолу, темир жолу жана суу транпорту убактылуу токтотулган.  

Ал эми Беларуссияда жарандардын эркиндигине чек коюлган эмес. Болгону тыштан келгендер үчүн 2 апталык карантин уюштурулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости