“Россиянин” Манас шариаттан тышкары беш аял алганбы?
Кыска-нуска  |   |  1459

Атамбаев “Эхо Москва” үн алгысында берген маегинде Манасты орусиялык деген. Анын айтуусунда туура Манас Алтайда туулган. Алтай азыр Орусиянын аймагында. Алтайдан Ала-Тоого келип, Манас беш нике кыйган. Беш аялынын ичинен Каныкейге Бухаранын каны түбү кыргыз Темир ханга гана жуучу түшүп, кыргыздын салтын жасап, салтанат менен нике кыйдырган. Калган төрт аялына кайдан жолуккан? Карабөрк. Карабөрк Манастын биринчи аялы, Кайып даңдын кызы. Аны менен Манас аламан согушта көрүшкөн. Анда Карабөрктүн атасы Кайып даң колго түшүп, эли качкандан кийин кызы жанындагы кырк кызы менен согушуп, Бакайды жарадар кылып, кыргыз колун бир топ зыянга учуратат. Жол буулуп, кол токтоп калганын арттан келип угуп, ачууланган Манас өзү качырып кирип Карабөрктү кармап, курал-жарагын тартып алат. Кыздын сулуулугуна таң калып, келбетине кызыккан Манас аны аялдыкка алууну ойлойт. Бирок кыз атасын Манас өлтүргөн деп ойлоп ага турмушка чыгуудан баш тартат. Эпосто Карабөрк сулуу, баатыр, мерген кыз деп сүрөттөлгөн. Ал Манаска атасынын тирүү экенин билгенде гана турмушка чыгууга макулдугун берген. Карабөрктү атасы Кайып даң Манаска чоң той менен узаткан. Манастын биринчи аялына үйлөнгөн окуясы эпосто кеңири айтылган эмес. Каныкейди аларда Бакай Манаска Карабөрктү жакшылап сүрөттөп берген. "Кайып даңдын Карабөрк катының жатат койнуңда. Жоолаштан түшкөн Карабөрк азыр жаш болгону менен бара-бара казандын тегерегинен чыкпаган, коломто десе ыктаган, кара дуңгул мээнеткеч, ашканадан чыкпаган, асылзаттыгы азыраак, акыл-ою пасыраак, кыйыткан сөздү билбеген, кул-күңүн кууп тилдеген, башын жерден албаган үтүрөң тентек катын болот. Жүрө берсин, бирок эл баштаган эрге тете келбес", - деген Бакай. Акылай. Манастын экинчи аялы Акылай оогандардын каны Шооруктун кызы. Манас Шоорукту жеңгенден кийин кызы Акылайды тартууга алган. Башкача айтканда, Акылай тартууга келген аял. Эпостун бардык вариантында Акылайдын ашкере сулуу болгону айтылат. Шооруктун кызы Акылай, Шоодураган капырай, Короз моюн, аппак бет, Койкоңдогон кара бет. Карагат көздүү, кардай эт, Какшаңдаган кара бет. Акылай Манаска сырткы келбети аркылуу жагууга аракет кылган. Бирок ал баатырга татыктуу зайып болуп бере алган эмес. Аны Бакайдын ага берген баасынан билсе болот. "Каада билбес катының, Кайдан келген каапырың. Катыным бар деп ойлопсуң, Канкорум Манас бойдоксуң" (Саякбай Каралаев). Ашым Жакыпбектин "Теңири Манас" чыгармасында Манастын Каныкейге үйлөнөрдүн алдында Бакайдын Акылайга берген сүрөттөмөсү: "Каратегиндин калчасы Шооруктун кызы Акылай келди тартууга. Шоодураган капырай, ойдун сырын туйбаган, ийилип кымыз сунбаган, шайы-жибектин шуудуруна корстон, өз көлөкөсүнө суктанган, төшөккө жорго, жанга тынч зайып көрүнөт. Бирок аял - эрдин жарым өмүрү, санаа тартса сырдашы, жан кыйналса муңдашы, өмүрлүк жары курдашы, жолдош-жорого жайыл дасторкону кенен, жортуул жүргөн эрге сайдырбас берен болмогу абзел", - деген Бакай. Каныкей. Каныкей - үчилтиктеги башкы каармандардын бири. Манастын аялы, Темиркандын (Каракандын) кызы. Каныкейдин образы "Манас" эпосундагы аялдардын ичинен өзгөчө бөлүнүп турат. Биринчиден, Манас беш аялынын ичинен Каныкейге гана жуучу түшүп, кыргыздын салтын жасап, салтанат менен нике кыйдырган. Экинчиден, Манас баатырга дайыма жардам берген, акыл айткан мыкты кеңешчиси болгон. Айлакерлик, акылмандык, чечкиндүүлүк, чыдамкайлык -Каныкейдин негизги касиеттери. Ашым Жакыпбектин "Теңири Манас" чыгармасында Каныкейди алгач Бакай көрүп, аны Манаска сунуштаган. "Баягы жылы мен Жамгырчы менен Шыгайды издеп Бадахшан, Самарканды кыдырган чагымда, Эренге жете албай кайра тартып келе жаткан жолумда Букар шаарын аралап, Темирканга мейман болуп калганда көргөнүм бар. Он эки кыздын кенжеси, Темиркандын көкүрөк күчүк эркеси, акылы тунук, бой мүчөсү келишкен, жашы быйыл он бешке келер кызын көргөм. Өз аты Санирабига экен. Бирок кандын кызы болгон соң Каныкей дешке наркы бар", - деген Бакай. Дагы бир вариантта Каныкейди Жакып тапкандыгы тууралуу жазылат. Анда бай Жакып баласы Манаска кыз издеп элден эл, жерден жер кыдырып жүрүп бир күнү суу боюна келген суйкайган сулууларга назары түшөт. Алардын бирин мындай деп жактырат: "Жыла сүйлөп, шыңк этип, акыл толгон кези экен", "Оюн терең жиберип, оң жагынан имерип", "Үзүлгөнүн улаган", "Жеткире акыл ойлогон, тереңдик жайы бар экен", "Кылган иши баары амал, кызылдай бою сарамжал". Бул кызды тапканы - Жакып хандын көрөгөчтүгү. Каныкейге берилген сүрөттөмөлөр: Узун чачтын ыктуусу, Ургаачынын мыктысы. Кең көйнөктүн тазасы, Ургаачынын паашасы (Саякбай Каралаев). Карасурдун сулуусу, Катындардын улуусу, Колтугунда жылаңач Бала жүрөт дайыма - Касиеттин нуру ушул. Каныкейдин көпчүлүктү өзүнө бурган сапаты - колунан көөрү төгүлгөн уздугу. Ал баатырлардын бою-башына, жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктап эл намысы үчүн жоодо кийилүүчү ок өткүс кийим, курал-жарагын алдын ала даярдаган. "Манас" эпосундагы эң эле трагедиялуу да, оор да учурлардын бири - Кошойдун Жолой менен күрөшө турган учурунда кие турган шым таппай айла куруп турган кез. Муну алдын ала билген Каныкей ага чактап кандагай шым тигип койгондугу, аны кийип Кошойдун Жолой дөөнү жеңип чыгышы ар бир кыргыздын канын дүргүтөт. Каныкей саяпкер да болгон. Бул өнөрү Аккуланы таптаган учурда көрүнөт, ага "күрүчтөн күндө жем берет, күндө терин алат". Кийин төлгө кылып Семетей таята журтунда жүргөндө Тайторуну байгеге таптап, аламанга кошуп жеңишке жетет. Манас Каныкейден Семетей аттуу уулдуу болгон. Манас өлгөндө Каныкей баатырдын өчүн алып, эли-жерине баш-көз болчу Семетейдин өмүрү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшаган. Каныкей трилогиянын үчүнчү "Сейтек" бөлүмүндө да Сейтектин чоң энеси катары көрүнөт. Анан манасчылар сүйүктүү каармандарын өлүмгө ыраа көрбөгөндүктөн Каныкей Бакай, Семетей, Айчүрөк менен кошо кайып болуп кетет. Алтынай. Алтынай "Манас" эпосунда кейипкер. Ал Манастын төртүнчү аялы, Кенжут каны Айгандын кызы. Алмамбеттин кеңеши боюнча Манас Айганды жеңгенден кийин кызы Алтынайды Алмамбет жактырып үйлөнмөк болот, бирок анын андай оюн билбеген Манас олжого түшкөн кыздарды бөлүштүргөндө Алтынайды өзү алган. Меңдибайдын ушак сөзү менен Манастын бул жоругуна таарынган Алмамбет андан кетмек болот. Бирок ал ушак экени аныкталганда Алмамбет менен Манас элдешет. Кыз Сайкал. Кыз Сайкал "Манас" эпосундагы көөнө образдардын бири. Сайкалдын атасы Карача кан кыргыздын нойгут деген уруусунан чыккан. Карача менен Текес кан бир тууган. Азыркы Кытайдагы Текес шаарын башкарып турган. Текес каршы чыгып, айтканына көнбөй койгондуктан, Манас салгылашта аны жок кылып, ордуна иниси Карачаны койгон. Сайкал атасынын жалгыз кызы. Манас Сайкал тууралуу даңазалуу кептерди угуп, Текеске өзү издеп барат. Сайкал анын келерин билип, күтүп жүргөн. Экөө бир жолу көрүшкөндө эле бирин-бири аңтарып-теңтерип изилдеп койгон. Манас Сайкалды "эр экен, баатыр тура, тайманбайт, атасынын гана эмес, эли-жеринин сакчысы, ушуга үйлөнсөм, менден жакшы тукум чыгат" деп ниеттенген. Сайкал дагы эл оозунда айтылып жүргөн адамды өз көзү менен көргүсү келип, күтүп турган болот. Жүздөшкөн күн келгенде, Сайкал дагы суктанып, ушундан тукум күтсөм кыйын чыгат дейт. Манас менен Сайкал алгачкы жолугушуусунда эле эр сайышка түшөт. Ошондо Кыз Сайкал аянбастан, тартынбастан Манасты жыга саят. Манастын ээр-токумдан көчүгү, үзөңгүдөн буту тайып, жыгылып бара жатканда Чубак чаап барып кармап-сүйөп, Аккуланын үстүнө отургузуп кетет. Кандын, баатырдын ат үстүнөн жыгылышы уят болгон. Ошондон кийин Манас Сайкалга барып нике тууралуу сөз айткан. Кыз Сайкал Манаска тирүү кезинде жубай болуп берген эмес. Мунун да себеби бар. Кыз Сайкал Каныкейдин бар экендигин билип, ал Манаска тең зайып экендигин түшүнүп, анын алдына барып күң болбоюн, алдынан өтпөйүн деп сыйлап, бу дүйнөдө никелүү аял болуудан баш тарткан. Манас экөөнүн ортосунда келишим түзүлөт. Сайкал "мен тиги дүйнөлүк зайыбың болоюн, эгерде менден мурда көзүң өтсө, зыйнатыңа турайын, ак кызматымды өтөйүн, барып кара киейин, кошок кошуп, тирүүлүктөгү зайыптыктын кызматын аткарайын" деп Манаска cөз берген.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями