www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Псков облусунун Новосокольники айылында инфекциялык палатаны куруп жаткан Кыргызстандын жарандарынын арасынан коронавирус жуктургандардын саны 46 адамга көбөйдү. Бул тууралуу Псков облусунун саламаттык сактоо министрлигинин комитетинин төрайымы Марина Гаращенко билдирди.

Жумушчулар арасында коронавирустук инфекциянын очогу чыкканы 24-апрелде жарыяланган. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, тийиштүү диагноз менен 16 адам ооруканага жаткырылган. Вирустун жайылышын тез арада алдын алуу үчүн оору жуктургандар жергиликтүү жашоочулар менен бирге жатаканага жайгаштырылган. Май айынын башында Псков бийлиги коронавируска кабылгандардын санын 39 адам деген. Вирус аныкталбаган жумушчулар балдар лагерине обсервацияга алынган.

Ооруга кабылгандардын дээрлик бардыгы вирустун жеңил түрүнөн өтүп жатканы айтылды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости