www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Америка менен тең укуктуу диалогго даяр, бирок Москва Вашингтондон эч кандай сигнал ала элек деп билдирди Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Буга чейин Трамп Украинадагы атайын аскердик операцияны токтотууга чакырып, эгер бул талап аткарылбаса, Россияга жаңы санкцияларды киргизип, анын АКШга болгон экспортунун баарына бажы төлөмдөрүн коюуга коркуткан.
"Биз бардык риториканы, бардык билдирүүлөрдү тыкыр байкап жатабыз. Бардык нюанстарды кылдат түрдө белгилеп жатабыз. Диалогго дайыма даяр экенибизди, бул тууралуу президент (Владимир) Путин бир нече жолу айткан. Тең укуктуу жана өз ара сый-урматтуу диалогго даярбыз — мындай диалог Трамптын биринчи президенттигинин учурунда эки президенттин ортосунда болгон. Учурда биз белгилүү бир сигналдарды күтүп жатабыз, бирок алар али түшө элек", – деди Песков журналисттерге Трамптын санкциялык саясаты боюнча билдирүүлөрүнө Кремль кандай баа берип жаткандыгы тууралуу суроого жооп берүү учурунда.