www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Киевдин жасаган кылмыштары тууралуу 10дон ашык өлкөдө фото көргөзмөлөрдү өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новостиге РФ ТИМинин Киев режиминин кылмыштары боюнча өзгөчө тапшырмаларды караган элчиси Родион Мирошник Египеттеги иш сапары учурунда билдирген.

Басылма Россиянын Каирдеги илим жана маданият борборунда ("Русский дом") "Киев режиминин кылмыштары жөнүндө чындык" аттуу фотокөргөзмө уюштурулганын жазды.

"Россотрудничество жана бир катар өлкөлөрдөгү элчиликтер менен биргеликте иштелип чыккан чоң программабыз бар. Жакын арада мындай иш-чараны 10дон ашык өлкөдө өткөрөбүз деп ойлойм", — деген Мирошник.

Ал иш-чарада Киев тарабынан жасалган кылмыштардын сүрөт, далилдери көрсөтүлөрүн белгилеген.

"Кылмыштар аймактарды аткылоого, соттун чечими жок өлүм жазасына тартууга жана эл аралык коргоого алынган объектилерге кол салууга тиешелүү. Бул далилдерди башка мамлекеттердин өкүлдөрүнө берүүгө даярбыз, алар бизди угат деп үмүттөнөбүз", — деген элчи.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости