www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР ТИМинин маалыматына ылайык, бул чечим мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга өзүнүн укуктук макамын иретке келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россия Федерациясынын Чет мамлекеттер менен аймактар аралык жана маданий байланыштар департаментинин башчысы Игорь Маслов менен болгон жолугууда маалым болду.
Орус тарап Россиянын аймагында мыйзамсыз жашаган чет элдиктердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берген Россия президентинин жарлыгынын мөөнөтүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узарткандыгын жарыялады.
Ошондой эле, Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүсүнө байланышкан маселелер, анын ичинде Москвадагы мончодо кыргызстандыктар менен болгон окуянын айланасында коомчулукта кеңири резонанс жараткан жагдай талкууланган.
Эскерте кетсек, буга чейин Россия президентинин жарлыгы боюнча чет элдиктер 30-апрелге чейин документтерин жөнгө салышы керек болчу.