www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия президенти Владимир Путин быйылкы күздө жана кышта энергетикалык ресурстарды Европага берүүгө даяр экенин айтканын РИА Новости жазды.
Мамлекет башчынын айтымына караганда, муну "Түндүк агым" аркылуу жасаса болот. Анын кубаттуулугу жылына 27,5 миллиард куб метрди түзөт, бул — Европага жасала турган бардык импорттун сегиз пайызга жакын көлөмү.
"Россия энергоресурстарды берип баштоого даяр. Мындайча айтканда, топ Евробиримдик тарабында турат. Кааласа, кранды ачат, бүттү. Биз эч кимди эч нерседен чектебейбиз. Анын ичинде күзгү-кышкы мезгилде кошумча көлөмдү берүүгө даярбыз", — деген Путин.
Ал Россия алган милдеттенмелерин дайыма аткарып келгендигин жана ошонусу менен Батыштан айырмаланарын айткан.
"Айтмакчы, жакында эле газды Европага ташып бара жаткан америкалык танкерлерге байкоо салдык. Алар пландалган жерге барбай жарым жолдон бурулуп кетишти. Себеби саткандарга башка жактан газга өйдөрөөк баа сунушташкан", — деп кошумчалады ал.
Анткен менен Россиянын энергоресурстарды анын баасын чектеген мамлекеттерге бербей турганын билдирди.
"Иштиктүү өнөктөштүк менен рыноктук механизмдердин ордуна ар кыл айла-амалдарды колдонуп, шантаж кылууга баш койгондор бар, биз саясий мындай чөйрөдө ондогон жылдардан бери келе жатабыз. Андайларга айтарым, өзүбүзгө зыян келтирген кадамдарга барбай турганыбызды айтып коеюн. Муну эсиңерге алып койгула", — деди Путин.
Анын айтымына караганда, Россиянын мунай затына жасалма баа коюу дүйнөлүк экономикадагы инвестициялык климатка баары бир кедергисин тийгизет. Андан соң энергетикалык ресурстарга болгон баанын глобалдуу түрдө өсүшүн шарттайт. РФ лидери бул биринчи иретте жакыр өлкөлөрдүн экономикасына болуп көрбөгөндөй сокку болорун эскертти.
Россиялык энергетикалык жумалык Москва шаарында 12-14-октябрь күндөрү өтмөкчү.