www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылдын октябрында Россияда өлкөгө келген чет элдиктерди каттоону жеңилдеткен мыйзам күчүнө кирет. Бул тууралуу “Парламентская газета” жазып чыкты.
Басылма мыйзам чет өлкөлүк жаран өлкөгө келгени тууралуу билдирүүнү Ички иштер министрлигине өз алдынча тапшыра алган учурлардын тизмесин кеңейтет. Мындай укук мамлекеттик кызматтарда эсептери барларга, виза менен келген жана чакыруу арызында көрсөтүлгөн дарек боюнча жашагандарга, ошондой эле үй ээси менен турак жай келишимин түзгөндөргө тиешелүү, деп Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна шилтеме берүү менен түшүндүрөт.
Ички иштер министрлиги жаңы эреже боюнча каттоого туруу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмесин да белгиледи. Чет өлкөлүк жарандар келгендиги тууралуу электрондук билдирүүгө өздүк күбөлүгүн, анын ичинде 18 жашка чыга элек балдары үчүн үй ээсинин турак жайга укугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн, миграциялык карталардын көчүрмөлөрүн жана үй-бүлөлүк мамилелери тууралуу документтердин көчүрмөлөрүн орус тилине котормосун тиркөөлөрү керек.
Мамлекеттик Думанын Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Анатолий Выборный белгилегендей, мыйзамга баш ийген чет элдиктер Россия Федерациясында өздөрүн оңой эле мыйзамдаштырып алышы үчүн миграциялык каттоо процедурасын жөнөкөйлөтүү максатка ылайыктуу. Ал ошондой эле чектен чыкпоо керектигин, анткени улуттук коопсуздук маселесинде миграциялык агымдарды көзөмөлдөө маселелери дайыма орчундуу экенин баса белгиледи.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин атайын операция учурунда контракт боюнча кызмат өтөгөн чет элдиктер орус жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алат деген жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg